Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кабыл алуу комиссиясы Жалпы Республикалык Тесттин (ЖРТ) үчүнчү этабына катышып, жыйынтыгын кеч алган абитуриенттерге билдирет.
Бул категориядагы абитуриенттер үчүн кирүү сынактарына кошумча каттоо башталганын билдиребиз.
- Каттоо күнү: 2026-жылдын 3-июлу.
- Документтерди тапшыруу убактысы: саат 9:00дөн 17:00гө чейин.
Эскертүү: Каттоо белгиленген убакыттын ичинде гана жүргүзүлөт. Абитуриенттер арыздарын өз убагында тапшыруу үчүн алдын ала керектүү документтердин толук топтомун даярдашы керек.
Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин арыздар кабыл алынбайт.
Каттоо веб-сайты: abiturient.manas.edu.kg
Кабыл алуу комиссиясы