Биздин университет менен Назарбаев Университетинин ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде, 2-курстун студенттери үчүн арыздар ачылды.
2026-жылдын күзгү семестринин мөөнөтү:
17-август 2026 – 10-декабрь 2026
Алмашуу программасына байланыштуу бардык чыгымдарды студент өзү төлөйт.
Тапшыра ала турган бөлүмдөр:
-
Котормо жана котормочулук (кыргызча-англисче программа)
-
Англис тили жана адабияты
-
Эл аралык мамилелер
-
Экономика
-
Экономика (финансы жана банк иши)
-
Биология
-
Математика
-
Колдонмо математика жана информатика
-
Компьютердик инженерия
Керектүү документтер:
-
CV
-
Паспорттун көчүрмөсү
-
Виза чакыруу колдоо формасы (Visa Invitation Support Application Form)
-
Мотивациялык кат
-
Транскрипт
-
Сунуш кат (рекомендация)
-
Англис тилин билүү сертификаты (кеминде B2 деңгээл)
-
Орточо баа (GPA) кеминде 3.00
Документтерди жеке өзүңүз тапшырышыңыз керек (Коммуникация факультети, 1-кабат, A-105 кабинет).
Акыркы мөөнөт: 20-апрель 2026, саат 17:00
2026-жылдын күзгү семестри үчүн сабактардын тизмеси азырынча жарыялана элек. 2025-жылдын жазгы семестринин тизмесин карасаңыз болот. (the list for the Spring 2025 semester)
Кошумча материалдар: