Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана Күтахья Думлупынар университетинин (Түркия) ортосунда кол коюлган Эразмус+ KA171 келишиминин алкагында 2025-2026-окуу жылынын күзгү же жазгы семестрлери үчүн таблицада берилген бөлүмдөр жана окуу даражаларында окуган студенттер үчүн конкурс ачылды. Конкурстун жыйынтыгында 2 студент тандалып алынат.
|
Менеджмент |
Бакалавриат, магистратура, докторантура |
|
Экономика |
Бакалавриат, магистратура, докторантура |
|
Финансы программасы |
Бакалавриат |
|
Эл аралык байланыштар |
Бакалавриат, магистратура |
|
Социология |
Бакалавриат, магистратура, докторантура |
|
Синхрондук котормо бөлүмү (Кыргызча-англисче программасы) |
Бакалавриат |
|
Англис тили жана адабияты |
Бакалавриат, магистратура, |
|
Тюркология |
Бакалавриат, магистратура, докторантура |
|
Тарых |
Бакалавриат, магистратура, докторантура |
Талап кылынган шарттар:
- Бакалавр даражасында окуган 2-курстун студенти болуу,
- Жалпы баа орточо балл GPA 3.00 кем эмес болушу керек.
- Магистратура жана докторантура даражасында окуган студенттер сабак алуусу шарт жана жалпы баа орточо балл 3.50 кем эмес болушу керек.
Студенттерге тапшыруу үчүн талап кылынуучу документтер:
- CV
- Мотивация каты
- Студенттик күбөлүк
- Чет тили боюнча сертификат (түрк же/жана англис тил)
- Паспорттун көчүрмөсү
Документтер Тышкы байланыштар бөлүмүнө (Коммуникация факультети, 1-кабат, А-105 бөлмө) колдон тапшырылат.
Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2025-жылдын 4-апрели, 17:00.