2023-2024 окуу жылы үчүн жогорку курстагы студенттердин жатакана боюнча төмөнкү маселелерге көңүл бурушу керек.
- Жогорку курсттагы студенттердин жатаканаларга катталуу мөөнөтүндө (2023-жылдын 22-майынан 19-июнуна чейин он-лайн кайрылуулары) кайрылбаган студенттер жатаканага жайгашуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылып, каттала алышпайт.
- Арыз берген жана негизги тизмеде орун алган жогорку курстун студенттерин жатаканага каттоо иш-чаралары 2023-жылдын 4-сентябрынан 29- сентябрына чейин жүргүзулөт.
- Даярдоо курсунда билим ала турган студенттер мурунку жылы катталып, даярдоо курсун ийгиликтүү бүтүрө албай калган болсо, тагыраак айтканда, 2-жолу даярдоо курсун окуй турган болсо (академиялык өргүү алгандардан сырткары), баалоо системасына карабастан жатаканага жайгаштырылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылат.
- Белгиленген убакыт арасында келе албаган студенттер Ишеним каттын (доверенность) негизинде ишенген адамы аркылуу каттоодон өтө алышат.
- Жатаканаларга катталууну каалаган ар бир студенттен төмөнкү документтер талап кылынат. Бул документтердин арасында,
- : Өзгөчө шарттарга байланыштуу студенттерден ашыкча документ суранышы мүмкүн!
СТУДЕНТТЕРДЕН ТАЛАП КЫЛЫНГАН ДОКУМЕНТТЕР:
1. Студенттик маалымкат (OBİS аркылуу кагаз түрүндө чыгарып алышыңыздар керек.)
2. Медициналык маалымкат (Флюорография жыйынтыгын, КТМУ Ден-соолук борборуна алып барып кол койдурушуңуздар керек. Чет өлкөдөн келген студенттерден СПИД анализинин жыйынтыгы талап кылынат. Чет өлкөдөн келген студенттердин аталган маалымкаттарды өз өлкөсүнөн алып келүүсү алардын кызыкчылыгында).
3. Депозит (2500 сом) жана турак акысы университеттин банк эсебине которулгандыгы тууралуу банк квитанциясы.
4. 2 фотосүрөт (3 см x 4 см өлчөмүндө)
5. ID паспортунун көчүрмөсү
6. 2 файл
7. Мамлекеттик каттоо кызматынан жашаган жеринен маалымкат (выписка) – (КР жарандар үчүн)
8. Бардык студенттер кайрылууда көрсөтүшкөн болсо:
• Ата-энелеринин жарандык абалы жөнүндө документтер (нике, ажырашуу, өлүм)
• Окуу жайында окуган бир туугандары бар болсо, алардын студенттик маалымкаты
• Майыптыгы боюнча документтерин каттоо учурунда алып келиши керек.
ТУРАК АКЫСЫ: (Белгиленген турак акысы 1 жылдык мөөнөт үчүн көрсөтүлгөн)
|
|
“A” БЛОК |
“B” БЛОК |
“C” БЛОК |
|
ДАЯРДОО КУРСУНДАГЫ СТУДЕНТТЕР (2-ЖОЛУ ОКУУГАНДАР ДАГЫ) |
--- |
11.400 СОМ |
11.400 СОМ |
|
ЖОГОРКУ КУРСТАГЫ СТУДЕНТТЕР |
14.250 СОМ |
11.400 СОМ |
11.400 СОМ |
|
САБАКТАРЫ МАЙ АЙЫНДА БҮТӨ ТУРГАН СТУДЕНТТЕР (Академиялык календарды караңыз) |
12.750 СОМ |
10.200 СОМ |
10.200 СОМ |
|
АКЫРКЫ КУРСТАГЫ ЖАНА 2- КУРСТАГЫ СТУДЕНТТЕР |
15.000 СОМ |
12.000 СОМ |
12.000 СОМ |
|
КЫСКА МӨӨНӨТ ҮЧҮН ТУРАК АКЫСЫ (КҮНҮМДҮК) |
150 СОМ |
120 СОМ |
120 СОМ |
2023-2024 Ara Sınıf Kızlar Asıl Liste
2023-2024 Ara Sınıf Erkekler Asıl Liste
2023-2024 Ara Sınıf Kızlar Yedek Liste
2023-2024 Ara Sınıf Erkekler Yedek Liste