2022-2023 окуу жылы үчүн жогорку курстагы студенттердин жатакана боюнча төмөнкү маселелерге көңүл бурушу керек.
- Арыз берген жана негизги тизмеде орун алган студенттердин жатаканага каттоо иш-чаралары 2022-жылдын 5-сентябрынан 30- сентябрына чейин жүргүзулөт.
- Кезек тизмедеги студенттердин каттоосу 03.10.2022 күнү башталат.
- Жатаканаларга катталууну каалаган ар бир студенттен төмөнкү документтер талап кылынат. Бул документтердин арасында,
- : Өзгөчө шарттарга байланыштуу студенттерден ашыкча документ суранышы мүмкүн!
СТУДЕНТТЕРДЕН ТАЛАП КЫЛЫНГАН ДОКУМЕНТТЕР:
1. Студенттик маалымкат (Студенттик иштер бөлүмүндө берилет. Экономика жана башкаруу факультетинин корпусу, 1-кабаттан же ОБИС системасынан алсаңыздар болот)
2. Медициналык маалымкат (Флюорография жыйынтыгын, КТМУ Ден-соолук борборуна алып барып кол койдурушуңуздар керек. Чет өлкөдөн келген студенттер аталган маалым катты өз өлкөсүнөн алып келүүсү алардын кызыкчылыгында)
- COVID-19 эмдөө сертификатынын болуусу (эмдөөнүн соңку дозасы, акыркы 6 айдын ичинде алынган болушу керек).
- Жатаканага жайгашуу күнүнө чейинки акыркы 6 айдын ичинде COVID-19 илдетине чалдыккан студенттердин ооругандыгы тууралуу расмий маалым катынын же COVID-19 ПЧР тестинин (ПЦР тести) “бар” (позитивдүү, оң) жыйынтыгынын болушу.
- Эмдөөдөн өтпөгөн студенттердин (ден соолугуна байланыштуу эмдөө ала албаган) жатаканага жайгашуу күнүнө чейинки акыркы 72 сааттын ичинде COVID-19 ПЧР тестин (ПЦР тести) тапшыруусу.
3. Депозит (2500 сом) жана турак акысы
4. 2 фотосүрөт (3 см x 4 см өлчөмүндө)
5. ID паспортунун көчүрмөсү
6. 2 файл
7. Мамлекеттик каттоо кызматынан жашаган жеринен маалымкат (выписка) – КР жарандар үчүн
8. Бардык студенттер кайрылууда көрсөтүшкөн болсо:
• Ата-энелеринин жарандык абалы жөнүндө документтер (нике, ажырашуу, өлүм)
• Окуу жайында окуган бир туугандары бар болсо, алардын студенттик маалымкаты
• Майыптыгы боюнча документтерин каттоо учурунда алып келиши керек.
ТУРАК АКЫСЫ: (Белгиленген турак акысы 1 жылдык мөөнөт үчүн көрсөтүлгөн)
|
|
“B” БЛОК |
“C” БЛОК |
|
ДАЯРДОО КУРСУНДАГЫ СТУДЕНТТЕР (2-ЖОЛУ ОКУУГАНДАР ДАГЫ) |
11.400 СОМ |
11.400 СОМ |
Даярдоо курсу студенттеринин тизмеси (Эркек)
Даярдоо курсу студенттеринин резерв тизмеси (Эркек)
Даярдоо курсу студенттеринин тизмеси (Кыз)
Даярдоо курс устуденттеринин резерв тизмеси (Кыз)