+996 (312) 54 19 41-47 info@manas.edu.kg
Yayın Tarihi
26 октябрь 2026, дүйшөмбү
Түркия İMSAD Башкаруу кеңешинин төрагасы Тайфун Күчүкоглу “Манас” университетинде болду.

Түркиянын курулуш материалдарын өндүрүүчүлөр ассоциациясынын Башкаруу кеңешинин төрагасы Тайфун Күчүкоглу Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолукту.

Ректорлукта өткөн жолугушууда «Манас» университетинин ишмердүүлүгү жана университет менен иш дүйнөсүнд өнүктүрүлө турган кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашылды.

Bu Haberi Paylaş: