+996 (312) 54 19 41-47 info@manas.edu.kg
Yayın Tarihi
26 октябрь 2026, дүйшөмбү
«Манас» университетинде ректордун кеңешчиси жана ветеринардык факультеттин деканы кызматтарына жаңы дайындоолор

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) ветеринардык факультетинин окутуучусу, профессор Исмаил Шен ректордун кеңешчиси, ал эми профессор Серкан Йылдырым ветеринардык факультеттин деканы болуп дайындалды.

Ректоратта өткөрүлгөн дайындоо аземдеринде ар бир окутуучуга кызматка киришүү каттары ректор, профессор Алпаслан Жейлан тарабынан тапшырылды. Профессор Исмаил Шендин ректордун кеңешчиси кызматы 2026-жылдын 23-октябрынан тартып башталганы маалымдалды.

Ректор профессор Алпаслан Джейлан профессор Исмаил Шенге жана профессор Серкан Йылдырымга жаңы кызматтарында ийгилик каалады.

Bu Haberi Paylaş: