+996 (312) 54 19 41-47 info@manas.edu.kg
Yayın Tarihi
22 октябрь 2026, бейшемби
Жаштар жана спорт министри Осмон Ашкын Бак «Манас» университетинин студенттери менен жолугушту

Түркия Республикасынын жаштар жана спорт министри, доктор Осман Ашкын Бак Кыргыз-Түрк «Манас» университетине (КТМУ) келип, студенттер менен жолугушту.

Жолугушууга Түркия Республикасынын Бишкектеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, доктор Мекин Мустафа Кемал Өкем, КТМУнун ректору профессор Алпаслан Жейлан, башкы катчы PhD. доц. Фатих Рамазан Истанбуллугил, спорт илимдери факультетинин деканы, профессор Джипаркуль Абдырахманова жана Түркия Республикасынын Жаштар жана Спорт минситрлигинин Эл аралык уюмдар жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башкы директору Ахмет Али Темуржи катышты.

Министр Бак студенттердин суроолоруна жооп берди

Студенттер менен маектешкен министр Бак академиялык жана саясий турмушундагы тажрыйбалары менен бөлүштү. Стамбул техникалык университетинде окуганын жана Стамбул университетинде болжол менен 10 жыл академиялык кызмат кылганын айткан Бак, жаштардын билим алуу учурунда өздөрүн ар түрдүү тармактарда өнүктүрүүлөрүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Кыргызстанга мурда да ар кандай иш-чаралар менен келгенин белгилеген Бак, Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелердин жана түрк дүйнөсүндөгү жаштардын өз ара байланыш куруусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Жаштар маданий жана руханий баалуулуктарына бекем, технологиялык өнүгүүлөрдү көзөмөлдөгөн жана жасалма интеллект тармагындагы жаңылыктарды жакшы түшүнгөн инсандар болуп жетилиши керектигин айтты.

Студенттердин суроолоруна жооп берген Бак университет жылдары жөн гана академиялык билим менен чектелбеши керектигин айтып, спорт иш-чараларына катышуу, ыктыярдуу иштер жана коомдук жоопкерчилик сезими жаштардын өнүгүүсүндөгү ролуна көңүл бурду.

«Манас» студенттери үчүн Түркиядагы жаштар лагерлеринин мүмкүнчүлүгү

Түркия Республикасынын Бишкектеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, доктор Мекин Мустафа Кемал Өкем жолугушууда КТМУнун студенттеринин Түркияда такшалма өтүү, жаштар иш-чараларына катышуу жана Түркияны жакындан таанып-билүү мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүүгө багытталган күтүүлөрүн билдирди.

Студенттердин Түркиядагы жаштар борборлорунан, билим берүү программаларынан жана лагерлеринен пайдалана алуусу боюнча министр Бакка сунуш киргизген Өкем, эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн орток университеттин студенттери үчүн мындай мүмкүнчүлүктөрдүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Министр Бак студенттерди Түркиядагы жаштар лагерлеринде коноктоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга болорун белгилеп, бул багытта КТМУ менен координацияда иш алып барууга даяр экенин билдирди. Ошондой эле Түркиянын ар кайсы шаарларында жайгашкан жаштар лагерлери менен студенттик жатаканалардын жай мезгилинде пайдаланууга боло турган мүмкүнчүлүктөргө токтолуп, студенттерди Түркияда коноктоо жана аларга өлкөнүн ар кайсы шаарлары менен таанышууга шарт түзүү маселелерин кароого болорун айтты.

Спорт инфраструктурасы жана жабдык муктаждыктары каралды

Жолугушууда КТМУнун спорт илимдери факультетинин билим берүү жана машыгуу мүмкүнчүлүктөрү да күн тартибине чыкты. Факультеттин атынан сөз сүйлөгөн окутуучу Атилла Чакар көбөйгөн студенттердин саны менен бирге машыгуу аянттарына жана спорт имараттарына болгон муктаждык артканын белгиледи.

Чакар университетте жабык сүзүү бассейнине болгон муктаждык менен катар каноэ, велосипед жана каяк колдонулган жабдыктарды жаңыртууга багытталган талаптарды жеткирди.

Жолугушуу студенттердин министр Бак менен түздөн-түз пикир алмашуусуна жана жаштар иш-чаралары менен спорт тармагындагы муктаждыктарды күн тартибине алып чыгууга шарт түздү.

Bu Haberi Paylaş: