+996 (312) 54 19 41-47 info@manas.edu.kg
Yayın Tarihi
16 октябрь 2026, жума
КТМУда өткөн эл аралык симпозиумда түрк дүйнөсүнүн археологиялык мурасы талкууланды

"Түрк дүйнөсүндөгү археологиялык казуулар, изилдөөлөр жана археометрия" симпозиуму Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары Надир Алпасландын катышуусунда өткөн жабылуу жыйыны менен аяктады. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) кабыл алуусунда 2026-жылдын 15–16-октябрында уюштурулган симпозиумда 16 илимий отурумда сунушталган 83 баяндама аркылуу түрк дүйнөсүнүн археологиялык мурасы, талаа изилдөөлөрүнүн учурдагы жыйынтыктары, археометриялык ыкмалар жана маданий мурастарды коргоо маселелери каралды.

КТМУнун, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, ошондой эле Түрк археологиясы жана маданий мурас институтунун кызматташтыгында өткөрүлгөн симпозиум Чыңгыз Айтматов атындагы студенттер шаарчасында изилдөөчүлөрдү бириктирди. Программанын офлайн бөлүгү гуманитардык факультеттин Касым Тыныстанов атындагы жыйындар жана эки семинар залында, ал эми үч отурум онлайн форматта уюштурулду.

Илимий программа алгачкы отурукташкан коомдордон тартып орто кылымдардагы шаарларга, аска бетиндеги сүрөттөрдөн мүрзө курулуштарына, тарыхый согуш талааларынан музей коллекцияларына чейинки кеңири темаларды камтыды. Археогеофизика, археогенетика, байыркы ДНК жана жасалма интеллект технологияларын колдонуу боюнча изилдөөлөр да талаа изилдөөлөрү менен катар талкууланды.

Ачылыштагы атайын отурум: Анадолудан Борбордук Азияга чейинки талаа изилдөөлөрү

Проф., док. Алпаслан Жейландын төрагалыгы астында өткөн ачылыштагы атайын отурумда беш баяндама сунушталды. Жейлан «Түндүк-чыгыш Анатолияда чейрек кылым бою жүргузулгөн жер үстүндөгү изилдөөлөр» аттуу баяндамасында узак мөөнөттүү талаа иштерин карап чыкты. Ал эми т.и.д., проф. Кадича Ташбаева Кыргызстандын Баткен облусундагы Карабулак маданиятына таандык Андиген-1 көрүстөнүн, ал эми проф., док. Вели Бахшалиев Нахчывандагы Халаф жана Убайд маданияттарынын издерин талкуулады.

Проф., док. Арман Бейсенов Борбордук Казакстандагы биздин заманга чейинки VIII–VI кылымдарга таандык алгачкы сак доорунун Тасмола маданиятын талдады. Доц.м.а., PhD Шукрулло Насриддинов Кыркхуджра эстелигинин материалдарынын негизинде Говасайдагы урбанизация процесстерин изилдеди. Отурум ар кайсы аймактардагы конуштардын жана көрүстөн маданияттарынын өзгөчөлүктөрүн салыштырып кароого мүмкүнчүлүк берди.

Конуштарды изилдөө санариптик технологиялар менен айкалыштырылды

Проф., док. Саадеттин Ягмур Гөмечтин төрагалыгы астындагы отурумда Хазарлар, Саркел чеби жана шаары боюнча изилдөөлөр, Кыргызстандагы жер үстүндөгү археологиялык изилдөөлөр, ошондой эле Каспий деңизинин деңгээлинин өзгөрүшүнө байланыштуу жоголгон шаарлар каралды. Проф., док. Октай Өзгүл 2023–2024-жылдары Кыргызстанда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдү сунуштады. Проф., док. Аббас Сейидов жана доц. док Лейла Рүстамова Каспий деңизинин айланасындагы байыркы конуштарга токтолушту.

Доц. док. Туна Акчай Селжук доорунун оймо-чиймелерин изилдөөгө арналган жасалма интеллектке негизделген платформаны жана Селинустагы пилоттук колдонмону тааныштырды. Бул отурумда археологиялык мурастарды санариптик ыкмалар аркылуу изилдөө маселеси да камтылды. Доц. док Шухратжон Хайдаралиев Ахсыкент археологиялык паркын тарыхый жана археологиялык туризмдин көз карашынан баалады.

Таш доорунан Селжук дооруна чейинки изилдөө тажрыйбалары бөлүшүлдү

Проф., док. Ремзи Кузуоглунун жетекчилигинде өткөн отурумда Коркутелидеги петроглифтер, Сөгүтлүпынардагы куткаруу казуулары, Кыргызстандагы Таш доору боюнча изилдөөлөр, Үчтепа-2 эстелиги жана Кубадабад сарайындагы казуулар каралды. Проф., док Мустафа Гөкче, доц., док. Темирлан Чаргынов, доц., док. Дилшод Тухтасинов жана доц., док. Мухаррем Чекен ар кайсы тарыхый мезгилдерде жана аймактарда жүргүзүлгөн талаа изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын сунушташты.

Т.и.к., доцент Салтанат Алишер кызынын Борбордук Азиядагы неолит дооруна арналган баяндамасында алгачкы мезгилдер боюнча жаңы маалыматтар, актуалдуу маселелер жана келечектеги изилдөө багыттары талкууланды. Отурумда аска сүрөттөрү, байыркы конуштар жана сарай архитектурасы сыяктуу ар түрдүү археологиялык булактарга көңүл бурулду.

Согуш талаалары жана тарыхый конуштар археологиялык маалыматтар аркылуу изилденди

Проф., док. Аднан Чевиктин төрагалыгы астындагы отурумда Малазгирт салгылашуусунун талаасында 2020–2026-жылдары жүргүзүлгөн изилдөөлөр жөнүндө айтылды. Проф., док. Ахмет Чайджы Кониянын жанындагы Багырсак өрөөнүндө Мириокефаль салгылашуусуна байланыштуу жүргүзүлгөн иштер жөнүндө баяндама жасады. Тарыхый окуялар өткөн жерлердин географиялык жана мейкиндиктик өзгөчөлүктөрүн аныктоо секциянын негизги темаларынын бири болду.

Доц., док. Сефер Ашуров Азербайжандын түндүк-чыгышындагы жаңы археологиялык изилдөөлөрдү, ал эми доц., док. Роза Абдыкулова Изник шаарындагы кыргыздар күмбөзүнүн негизинде кыргыздардын Анадолудагы тарыхый ордун карады. PhD Бахтишод Умаров жана Зебинисо Умарова VI–IX кылымдардагы Бухара шаары боюнча изилдөөлөрдүн тарыхын жана илимий жыйынтыктарын талдашты.

Шаарлардын өзгөрүшү жана тарыхый география ар түрдүү булактардын негизинде каралды

Проф., док. Явуз Гүнашдынын төрагалыгы астындагы отурумда Эрзурум–Эрзинжанда 2024–2025-жылдары жүргүзүлгөн жер үстүндөгү изилдөөлөр, Эфес шаарынын узак тарыхый өнүгүүсү жана Бурдур аймагындагы Сиа шаарынын тарыхый, археологиялык жана архитектуралык өзгөчөлүктөрү талкууланды. Доц. док. Мартин Стескал Эфес шаарына, ал эми доц. док. Салих Сослу Сиага арналган баяндамаларын сунуштап, шаарлардын ар башка доорлордо өнүгүшүнө токтолушту.

Доц. док. Шахло Шодиева жана PhD Жахонгир Эргашев Түрк каганаты доорундагы Бухара менен Самарканддын шаардык маданиятын салыштырып изилдешти. Ф.и.д., доцент Каныкей Калиева жана ф.и.к Жылдыз Чыманова «Семетей» эпосундагы топонимдерди геомейкиндиктик жана археологиялык контекстте карап, оозеки маданият менен тарыхый географиянын байланышын талдашты.

Казуу иштери жана маданий мурастарды коргоо саясаты айкалыштырылды

Проф., док. Муродилла Хайдаров жетектеген отурумда Фергана өрөөнүнүн археологиясындагы актуалдуу маселелер, тарыхый имараттардын функцияларынын өзгөрүшү жана маданий мурастарды коргоо саясаты каралды. Проф., док. Седат Шимшек, проф., док. Тугай Арат жана окутуучу Эмине Дерья Акюздүн биргелешкен изилдөөсүндө Карс шаарындагы күмбөт-чиркөөсү-мечити жана Артвиндин Юсуфели районундагы Демиркент айылынын чиркөөнүн мечитке айлануу сыяктуу тарыхый имараттардагы өзгөрүү процесстери талданды.

Доц. док. Рабия Акарсу Пулур дөңсөөсүндөгү казуулардын Түркия археологиясындагы ордун, ал эми доц. док. Эржан Чалыш Геваштагы Селжук көрүстөнүндө жүргүзүлгөн казуулардын мисалдарын сунуштады. PhD Чынарбек Жолдошов Кыргыз Республикасындагы маданий мурас объекттерин коргоо жана изилдөө боюнча мамлекеттик саясатка токтолду.

Мүрзө маданияты, терминология жана тарыхнаама салыштырылды

Проф., док. Мустафа Беязыттын төрагалыгы астында өткөн отурумда Денизлидеги Түрк-Ислам дооруна таандык мүрзө таштарынан Орто Азия маданиятынын издери, Эрзинжандагы кургандар жана азербайжан түрктөрүнүн жерге берүү ырым-жырымдары каралды. Проф., док. Ибрахим Үнгөрдүн кургандар боюнча изилдөөлөрү жана PhD Пери Агаева сунуштаган археологиялык жана этнографиялык мамиле мүрзө маданиятын ар түрдүү булактардын негизинде изилдөөгө багытталды.

Проф., док. Чолпон Найманова, ф.и.к. ага окутуучу Анаркан Бектурова жана ага окутуучу Гүлнара Байгобылова түрк эскерүү таштары тууралуу англис тилиндеги баяндардагы терминологиялык чаташуунун тарыхы, «балбал», «таш-баба» жана «бедиз» терминдерин талкуулашты. Доц. док. Хасан Йылмазяшар Каражахисар чебин жана Осмон мамлекетинин түптөлүү процессин хроникалык баяндар менен археологиялык табылгаларды салыштырмалуу талдады.

Алгачкы отурукташкан коомдордон тарыхый жайларды коргоого чейинки изилдөөлөр сунушталды

Проф., док. Мустафа Алижандын жетекчилигинде өткөн отурумда Батталгазыда 2026-жылы жүргүзүлгөн жер үстүндөгү изилдөөлөр жана Эски Малатьянын шаардык планы боюнча алгачкы маалыматтар каралды. Т.и.д., проф. Байболот Абытов түрк дүйнөсүндөгү изилдөөлөрдүн учурдагы абалын, көйгөйлөрүн жана келечегин талдады. Проф., док.  Нежми Карул болсо Гөбеклиитепе-Карахантепе эстеликтеринин негизинде түштүк-чыгыш Анадолудагы алгачкы отурукташкан коомдорго жана алардын жашоо образына токтолду.

Доц. док. Бахтияр Жалилов Азербайжандын бийик тоолуу аймактарындагы курган маданиятын көчмөн мал чарбачылыгы жана сөөк коюу салттары изилдеди. Адис Жанона Шамшиева Нарын облусундагы Кочкор-Башы жана Таш-Рабат тарыхый-маданий объектилеринде жүргүзүлүп жаткан реставрация жана консервация иштерин тааныштырды.

Жер үстүндөгү изилдөөлөр, согуш жолдору жана коргоо көйгөйлөрү талкууланды

Проф., док. Незахат Жейлан баш болгон отурумда доц. док. Гөкхан Калмыш Агры облусунун Патнос районундагы байыркы доорго таандык археологиялык жер үстүндөгү изилдөөлөрдү, ал эми проф., док. Мустафа Кемал Шахин Калехисарда 2019–2026-жылдары жүргүзүлгөн изилдөөлөр менен казуулардын жыйынтыктарын сунуштады.

Проф., док. Кенан Инан Отлукбели салгылашуусунун өткөн жерин жана ага байланыштуу жол каттамдарын аныктоо боюнча изилдөөлөрдү карады. Доц. док. Орозбек Солтобоев Кырчын өрөөнүнүн археологиялык мурасын, анын изилөө тарыхын, эстеликтердин типологиясын жана учурдагы коргоо көйгөйлөрүн талдады. Доц. док. Мухаммет Арслан болсо Ани шаарындагы казуу, коргоо жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштерин түрк-ислам археологиясынын алкагында изилдеди.

Археологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жана алардын медиада чагылдырылышы талкууланды

Проф., док. Селчук Сечкин жетектеген отурумда Ялова Чобанкале казуу долбоору, КТМУнун 2014–2019-жылдары коло дооруна таандык изилдөөлөр, Яссычемен салгылашуусунун өткөн жери, хан сарйынын калдыктарындагы казуулар жана Кызыкос театры боюнча илимий изилдөөлөр каралды.

Проф., док. Кубатбек Табалдыев, доц. док. Жошкун Эрдоган, доц. м.а., PhD. Ахмет Терджанлыоглу жана Шейманур Чемлек Арслан талаа изилдөөлөрүнүн ар кандай баскычтарына арналган эмгектерин сунушташты.

Проф., док. Бесим Йылдырым түрк дүйнөсүндөгү археологиялык изилдөөлөрдүн эл аралык медиада чагылдырылышын ориенталисттик дискурстун көз карашынан талдады. Бул баяндама аркылуу археологиялык билим коомчулукка кандай баяндоо ыкмалары жана түшүндүрмөлөр аркылуу жеткирилери жөнүндөгү маселе да илимий программанын күн тартибине коюлду.

Тыйындар, чептер жана геофизикалык изилдөөлөр тарыхый конуштардын анализинде

Проф., док. Анар Азизсойдун төрагалыгы астында өткөн отурумда Кастамонунун Касаба аймагындагы түрк дооруна таандык изилдөөлөр, Ферганадан табылган Батыш Түрк каганатына тиешелүү тыйындар, Кокон хандыгынын доорундагы чептер жана Хасанкейфтеги казуу иштери сунушталды. Проф., док. Гайбулла Бабаяр, т.и.д., проф. Жээнбек Алымбаев жана проф., док. Зекаи Эрдалдын баяндамаларында ар түрдүү материалдык маданияттын маалыматтарынын негизинде тарыхый доорлор каралды.

Доц. док. Жале Өзлем Октай Черезджи Ташкент аймагынан табылган VI–VIII кылымдарга таандык археологиялык табылгаларды байыркы түрк археологиясынын алкагында талдады. Ал эми PhD. Фетхи Ахмет Юксел Йозгат жана Конья аймактарындагы кургандарда жүргүзүлгөн археогеофизикалык изилдөөлөргө токтолуп, маданий мурастарды изилдөөдө колдонулган техникалык ыкмаларды тааныштырды.

Коргонуу курулуштары, көчүү процесстери жана археологиянын тарыхы талкууланды

Т.и.д., проф. Муратбек Кожобеков модераторлук кылган отурумда совет мезгилинде кыргыздардын этникалык тарыхын археологиялык жактан изилдөө, Селжук Алайиясындагы курулуш жана коргонуу иштери, Малазгирттин ички чеби жана Аксыкенттин шаар архитектурасы каралды.

Проф., док. Осман Эравшар Алайия шаарын куруу, коргонуу жана деңиздеги үстөмдүк контекстинде талдады. PhD Ахмет Огузхан Карачетин Малазгирттин ички чебиндеги дарбазаларды жана алардын айланасындагы мейкиндиктик уюштуру 2025-жылдагы казуулардын маалыматтарынын негизинде изилдеди.

PhD Селами Рейисоглу көрүстөн таштарынын негизинде Түркстандан Ахлатка көчүп келүү маселесин караса, PhD Сохибжон Хомидов Аксыкенттин коргонуу системаларын жана шаар архитектурасын археологиялык изилдөөлөрдүн алкагында талдады.

Соода жолдорунан археогенетикага чейинки ар түрдүү изилдөө ыкмалары сунушталды

Проф., док. Толга Бозкурттун төрагалыгы астындагы өткөн отурумда Анкара жана анын түндүк-батыш райондорундагы Стамбул кербен жолуна байланыштуу маалыматтар, Проф., док. Алпаслан Ашыктын Көк-Таш күмбөзүндөгү казуулары жана проф., док. Өздемир Кочактын Болвадиндеги Үчхөюк 2020–2026-жылдары жүргүзүлгөн казуулар боюнча изилдөөлөрү сунушталды. Доц. док. Нежла Дурсун Кайсеридеги Кейкубадие сарайын тааныштырды.

Кыргыз улуттук музейинин адиси Алина Нурадилова Улуттук тарых музейинин мисалында түрк дооруна таандык археологиялык мурастарды коргоо маселесин талдады. Жандaш Серт кургандардагы археогенетикалык тектештик маселеси менен коомдук түзүлүштүн өз ара байланышын изилдеген баяндамасын сунуштап, биологиялык маалыматтарды археологиялык чечмелөөдө колдонуу маселесин да козгоду.

Таш айкелдер, мүрзө таштары жана аска сүрөттөрү салыштырылды

Доц. док. Мустафа Карагечинин төрагалыгы астында онлайн форматта өткөн отурумда Карс аймагындагы жер үстүндөгү изилдөөлөр, Токаттын Зиле районундагы адам сымал мүрзө таштары жана Урарту жана скиф маданий өз ара аракеттенүүсүндөгү жаныбарлардын сүрөттөлүшү каралды. Али Күршад Салын, доц. м.а., док. Назим Бой, доц. м.а., док. Семих Яшар Чизикчи жана доц. м.а., PhD Абдулхади Дурукандын баяндамаларында ар түрдүү материалдык эстеликтер жана көркөм сүрөт салттары талкууланды.

Напыл Базылхан VI–IX кылымдарга таандык байыркы түрк таш айкелдерин алардын мааниси жана терминологиясы жагынан талдады. Ал эми Элмар Бахшалиев Гамигай петроглифтериндеги Жакынкы Чыгышка мүнөздүү мотивдерге көңүл бурду.

Архитектуралык мурас жана байыркы ДНК изилдөөлөрүнүн талаадагы колдонулушу каралды

Доц. док. Бахлул Ибрагимлинин жетекчилиги астындагы отурумда Лола Гусейнова жана Севинч Гусейнова Хараба-Гиландагы эстеликтер комплексинин № 2 мавзолейин Илханиддер доорундагы архитектура, сөөк коюу салттары жана материалдык маданият жагынан изилдешти.

Доц. док. Энес Кавалчалан Гүлшехирдеги түрк-ислам дооруна таандык мүрзө таштарын аныктоо, инвентаризациялоо жана искусство тарыхынын алкагында талдады.

Доц. м.а., PhD. Фатих Тепгеч антикалык ДНКны изилдөөлөрүндө мобилдик лаборатория ыкмасын, талаа шартында үлгүлөрдү даярдоо жана молекулярдык анализ жүргүзүү процесстерин түшүндүрдү. PhD Зүмрүд Кахреманова Азербайжандагы Кавказ Албаниясынын христиандык диний архитектурасын, ал эми Жахонгир Максуталиев байыркы Кытайда кагаз жасоонун пайда болушун жана ага байланыштуу алгачкы археологиялык табылгаларды карады.

Адам сөөктөрү жана байыркы конуштар дисциплиналар аралык ыкмалар менен изилденди

Проф., док. Мехди Мортазавинин төрагалыгы астында онлайн өткөн отурумда Ирандын Балужистан аймагындагы Селжук доору жана Түркиядагы түрк-ислам археологиясынын өнүгүшү талкууланды. Доц. док. Абдуллах Касым Сонкая Түркияда жүргүзүлгөн казуулар менен жер үстүндөгү изилдөөлөрдүн негизинде бул тармактын өнүгүү жолун талдады.

Доц. м.а., PhD Мехмет Гөргүлү археологиялык адам сөөктөрүн соттук-медициналык илимдердин жана палеопатологиянын ыкмалары менен изилдеген эмгегин сунуштады. Доц. м.а., PhD Хажер Кумандаш Тадим чеби жана дөбөдөгү казууларга токтолду. Проф., док. Ханым Еседова Азых жана Таглар үңкүрлөрүнүн археологиялык жана палеоантропологиялык маанисин, ал эми Карам Дарзиев Грузиядагы Триалети маданиятын кургандар жана археологиялык табылгалар аркылуу карады.

Симпозиумдун жабылышында биргелешкен изилдөөлөр жана туруктуу кызматташтык маселелери белгиленди

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) кабыл алуусунда уюштурулган “Түрк дүйнөсүндөгү археологиялык казуулар, изилдөөлөр жана археометрия” симпозиуму 16-октябрда Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөн жабылуу аземи менен жыйынтыкталды. Иш-чарага Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары Надир Алпаслан да катышты.

Жыйынтыктоочу программада симпозиумдун илимий салымы бааланып, биргелешкен изилдөөлөрдү өнүктүрүү, жаш изилдөөчүлөрдү колдоо жана академиялык байланыштарды туруктуу негизде улантуу маселелерине басым жасалды.

Министрдин орун басары Алпаслан: «Илимий кызматташтык боюнча сунуштар каралат»

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары Надир Алпаслан симпозиум түрк дүйнөсүндө жүргүзүлүп жаткан археологиялык изилдөөлөрдү бирдиктүү илимий аянтчада бириктиргенин белгиледи. Ал жыйында айтылган пикирлер менен сунуштар министрлик тарабынан каралып, илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган иштер улантыларын билдирди.

«Манас» университетинин иш-чараны кабыл алганына канааттануусун билдирген Алпаслан Түрк археологиясы жана маданий мурас институтунун орток тарыхты жана маданий мурастарды изилдөө багытында аткара турган ролуна көңүл бурду.

Ректор Жейлан: «Экинчи симпозиумду кеңири катышуу менен өткөрүүнү максат кылабыз»

КТМУнун ректору, проф., док. Алпаслан Жейлан симпозиумду уюштуруу үчүн болжол менен алты жылдык даярдык иштери жүргүзүлгөнүн айтты. Түрк дүйнөсүнүн ар кайсы аймактарында эмгектенген окумуштууларды бир академиялык чөйрөгө чогултуу изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын бөлүшүү жана жаңы кызматташтык байланыштарын түзүү үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.

Симпозиум студенттерге өз тармагындагы тажрыйбалуу окумуштуулардын баяндамаларын угууга жана ар түрдүү изилдөө тажрыйбалары менен таанышууга мүмкүнчүлүк бергенин белгилеген Жейлан иш-чараны улантуу ниетин билдирди. Ал келерки жылы экинчи симпозиумду катышуучулардын санын көбөйтүү менен өткөрүүнү каалашарын айтты.

Жейлан иш-чараны уюштурууга кошкон салымы үчүн Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине, Кыргызстандын Маданият министрлигине, Түрк кызматташтык жана координация агенттигине (TİKA), академиктерге жана университеттин кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Ректор Алижан: «Согуш талааларынын археологиясында салыштырма изилдөөлөр өнүктүрүлөт»

Муш Алпарслан университетинин ректору, проф., док. Мустафа Алижан ар кайсы аймактарда жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөлөрдү биргелешип талдоо жаңы илимий суроолорду коюуга жана орток долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

Ал Малазгирт согуш талаасынын археологиясын изилдөө учурунда Түркстан аймагы менен байланышкан издер табылганын айтып, бул маалыматтарды башка географиялык аймактардагы табылгалар менен салыштыруу изилдөөлөрдү тереңдетүүгө өбөлгө түзөрүн билдирди.

Симпозиумдун алкагында КТМУ менен Муш Алпарслан университетинин ортосунда кызматташтык протоколуна кол коюлганын эске салган Алижан согуш талааларынын археологиясы баш болгон багыттарда академиялык кызматташтыкты жана студенттердин алмашуусун өнүктүрүү максатталганын айтты. Симпозиумдун кийинки жылдары да өткөрүлүшү биргелешкен изилдөөлөргө салым кошорун белгиледи.

Проф., док. Ашык: «Илимий талкуулар конкреттүү долбоорлорго айланышы керек»

КТМУнун гуманитардыык факультетинин деканы, проф., док.  Алпаслан Ашык түрк дүйнөсүндөгү археологиялык изилдөөлөрдү орток маалымат базалары, биргелешкен долбоорлор жана туруктуу академиялык байланыштар аркылуу колдоонун маанисин белгиледи.

Ал илимий жыйындарда жаралган идеяларды ишке ашырууга мүмкүн болгон изилдөө долбоорлоруна айландыруу жана жаш изилдөөчүлөрдү даярдоо зарылдыгын айтты.

Маданий мурастарды коргоо жалпы жоопкерчилик экенин баса белгилеген Ашык симпозиум ар кайсы аймактардан келген окумуштуулардын ортосунда узак мөөнөттүү кызматташтык мамилелерин түзүүгө негиз болот деген үмүтүн билдирди.

Жыйынтыктоочу билдирүүгө карата сунуштарда орток маалымат базалары жана жаш изилдөөчүлөргө колдоо көрсөтүү белгиленди

Жабылыш сөздөрүндө айтылган сунуштар симпозиумдун жыйынтыктоочу билдирүүсүнө негиз боло турган биргелешкен иш багыттарын аныктады. Археологиялык изилдөөлөрдү орток маалымат базалары аркылуу колдоо, ар кайсы аймактардагы табылгаларды салыштыруу жана илимий жыйындарда пайда болгон идеяларды биргелешкен долбоорлорго айландыруу негизги маселелер катары белгиленди.

Жаш изилдөөчүлөрдү даярдоо, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жана маданий мурастарды коргоодо мекемелер аралык кызматташтыкты улантуу да өзгөчө белгиленди. Симпозиумду үзгүлтүксүз өткөрүү жана ага катышуучулардын санын көбөйтүү түзүлгөн академиялык байланыштардын туруктуулугун камсыз кылуу жагынан каралды.

Илимий программанын алкагында 17-октябрга Ата-Бейит мемориалдык комплекси, Бурана шаар калдыктары, Кыргыз улуттук музейи жана Бишкек шаарын камтыган тарыхый-маданий экскурсия пландаштырылды.

 

Bu Haberi Paylaş: