Жатаканага жайгашуу үчүн университетке келген студенттер менен маектешкен профессор Алпаслан Жейлан ата-энелер менен да баарлашыпп, жаңы окуу жылы боюнча каалоо-тилектерин билдирди. Жаңыланган жатаканаларды жеринен көргөн Жейлан студенттердин билим алуусунда алар жашаган чөйрөнүн канчалык маанилүү экенине көңүл бурду.
Студенттердин ыңгайлуу жана талапка жооп берген шарттарда билим алуусунун маанилүүлүгүн белгилеген профессор Жейлан жакшы жашоо шарты студенттердин окуу процессине түздөн-түз таасир этерин айтты.
Жатаканаларды жаңылоо иштерине эмгеги сиңген ар бир кызматкерге ыраазычылык билдирген профессор Жейлан: «Студенттерибизге эми ыңгайлуу чөйрөдө сабак окуу гана калды. Бул иштерге салымын кошкон бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирем. Бөлүм кызматкерлерибиз кечки убакытка чейин талыкпай эмгектенип, жатаканаларыбызды студенттерибиз үчүн өз убагында даярдап беришти», — деди.
КТМУ студенттери менен биргеликте «үй-бүлө» түшүнүгүн калыптандырганын баса белгилеген профессор Жейлан: «Манас өзүнчө бир үй-бүлө түшүнүгүн калыптандырды. Биз дайыма айтып келгендей, биз университеттен да артыкпыз. Бардык иштерибизди ушул багытта алып баруудабыз», — деген оюн билдирди.
Университетке жаңы кабыл алынган студенттерге да кайрылган профессор Жейлан: «Университетибизге жаңыдан кадам таштаган студенттерибизге "Кош келиңиздер!" дейм. Жаңы окуу жылында баарына ийгиликтерди каалайм. Алдыда сиздерди чоң ийгиликтер күтүп турат», — деди.
КТМУнун студенттик жатаканаларында жайгаштыруу иштери уланып жатат, ал эми студенттер жаңы окуу жылына жаңыланган шарттарда даярданышууда.