+996 (312) 54 19 41-47 info@manas.edu.kg
Yayın Tarihi
5 июль 2026, жекшемби
MAНAС СТЖС–2026 экзаменине салымын кошкон бардык кесиптештерибизге ыраазычылык билдиребиз
Урматтуу ''Манас'' үй-бүлөсү,

Кыргыз-Түрк «Манас» университети катары Кыргызстандын биринчи жана жалгыз борборлоштурулган университетке кабыл алуу экзамени болгон MAНAС СТЖС – 2026 жараянынын ийгиликтүү аякташы сыймыктанабыз.

Бул маанилүү уюштуруу иштерин пландаштыруудан тартып ишке ашырууга чейинки этаптарда жан дили менен эмгектенген сынак координация тобубузга, академиялык жана административдик кызматкерлерибизге, имарат жана аудитория жетекчилерибизге, көзөмөлдөөчүлөргө, техникалык колдоо топторубузга, коопсуздук жана медициналык кызматкерлерибизге, транспорт, тазалык жана логистика кызматтарында эмгектенген кесиптештерибизге, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө жана бул жараяндын ийгиликтүү өтүшүнө салымын кошкон бардык түзүмдөрүбүзгө терең ыраазычылык билдиребиз.

Сиздердин жоопкерчиликтүү мамилеңиздер, тартиптүү иш алып барууңуздар, командалык духуңуздар жана окуу жайыбызга болгон берилгендигиңиздердин аркасында MAНAС СТЖС  2026 сынактары ачык-айкын, ишенимдүү жана уюшкандыкта өттү.

«Манас» үй-бүлөсү катары биз ошол эле ишеним, тилектештик жана бирдиктүү жоопкерчилик аң-сезими менен өлкөбүздүн жана аймагыбыздын жогорку билимине баалуу салым кошууну, келечектин квалификациялуу инсандарын тарбиялоону чечкиндүүлүк менен уланта беребиз.

Эмгеги сиңген бардык кесиптештерибизге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз.

Bu Haberi Paylaş: