+996 (312) 54 19 41-47 info@manas.edu.kg
Yayın Tarihi
6 май 2026, шаршемби
КТМУда «Түрк тектүүлөргө түрк тилин үйрөтүү» тренинги өттү

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин кабыл алуусунда (КТМУ) түрк тектүүлөргө түрк тилин үйрөтүү тармагындагы академиялык кызматташтыкты чыңдоо, тажрыйба алмашууну арттыруу жана келечекке багытталган билим берүү ыкмаларын баалоо максатында «Түрк тектүүлөргө түрк тилин үйрөтүү: Тажрыйба, өзгөрүү, келечек» аттуу тренинг өттү. КТМУнун Чет тилдер жогорку мектеби менен Хожа Ахмет Ясави атындагы Эл аралык түрк-казак университетинин кызматташтыгында уюштурулган иш-чара Касым Тыныстанов атындагы жыйын залында өттү.

Тренинг КТМУнун чет тилдер жогорку мектебинин директору доцент Эрдал Айдогмуш, Хожа Ахмет Ясави атындагы Эл аралык түрк-казак университетинин даярдоо мектебинин директору доцент Гүлбану Думан жана көптөгөн академиктер катышты. Программанын алкагында өткөрүлгөн сессияларда катышуучулар түрдүү жумушчу топторунда, түрк тектүүлөргө түрк тилин үйрөтүүнүн учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алышышты. «Түркия түркчөсүнүн келечектеги көрүнүшү», «Түрк тектүүлөргө түрк тилин үйрөтүү: Артыкчылыктар жана кыйынчылыктар», «Материалдарды иштеп чыгуу», «Санариптик өзгөрүү жана жасалма интеллект тиркемелери» ошондой эле «Кесиптик компетенттүүлүк жана адистик билим» деген темаларда баяндамалар жасалып, көйгөйлөр, муктаждыктар жана чечүү жолдору майда-чүйдөсүнө чейин талкууланды.

Ректор Жейлан: «Түрк тили — түрк дүйнөсүнүн эң күчтүү биримдик байланыштарынын бири»

Тренингдин аягында КТМУнун ректору профессор Алпаслан Жейлан түрк тили түрк дүйнөсүнүн биримдигин, ынтымагын жана бир туугандыгын чыңдаган эң күчтүү байланыштардын бири экенин баса белгиледи. Профессор Жейлан түрк тилинин эл аралык деңгээлде натыйжалуу колдонулушу жана жайылтылышы үчүн жүргүзүлгөн академиялык иштерге чоң маани берерин билдирип, семинарда айтылган пикирлер жана сунуштар университет жетекчилиги тарабынан кылдаттык менен бааланарын белгиледи.

Bu Haberi Paylaş: