+996 (312) 49 27 65 kid@manas.edu.kg
Yayın Tarihi
22 апрель 2026, шаршемби
КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейландын 23-апрель Улуттук Эгемендүүлүк жана Балдар күнүнө арналган куттуктоо сөзү

1920-жылдын 23-апрели — Түркиянын Улуу Улуттук Жыйыны ачылып, элдик эгемендүүлүк ачык түрдө ишке ашкан, түрк эли өз тагдырына өзү ээ болуу эркиндигин бүткүл дүйнөгө жарыялаган тарыхый бурулуш учур болуп саналат.

“Эгемендүүлүк - элдин ажырагыс энчиси” деген ураанды жол көрсөтүүчү кылган азиз элибиз үчүн, 106 жыл мурун Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын ачылышы — көз карандысыздык жана келечек үчүн болгон күрөштүн эң күчтүү көрүнүшү, мекенге болгон сүйүүнүн бекем белгиси жана ар кандай шартта сакталган биримдик, ынтымак жана бир туугандыктын эң айкын далили болгон.

Улуу Мустафа Кемал Ататүрктүн 23-апрелди балдарга белек кылуусу — келечекти курууда балдардын аткара турган маанилүү ролуна ишарат кылган алдыңкы көз караштагы мамлекеттик түшүнүктүн көрүнүшү болуп саналат. 23-апрель эгемендүүлүк түшүнүгү менен балдардын эркин, аң-сезимдүү жана жоопкерчиликтүү жаран болуп тарбияланышынын ортосунда бекем байланышты түзөт. Эгемендүүлүктүн сакталышы жана туруктуулугу — мыкты тарбияланган муундар аркылуу гана мүмкүн болот.

Бүгүнкү күндө 23-апрель Улуттук Эгемендүүлүк жана Балдар күнү улуттук чек араларды ашып, эл аралык мүнөзгө ээ болуп, ар кайсы аймактардан келген балдардын катышуусу менен тынчтыктын, достуктун жана маданий байланыштардын символуна айланган. Бул жагдай балдардын жалпы адамзаттык баалуулуктардын айланасында биригүүсү дүйнөлүк тынчтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү орнотууда канчалык маанилүү экендигин көрсөтөт.

Заманбап доордун талаптарына ылайык балдарыбыздын билими академиялык жетишкендик  менен гана чектелбестен, этикалык баалуулуктар, коомдук жоопкерчилик сезими жана маданий таандыктык менен да бекемделиши зарыл. Эркин ой жүгүртө алган, сынчыл көз карашка ээ, укук жана милдеттерин билген жарандарды тарбиялоо — улуттук эгемендүүлүктүн да, демократиялык коом түзүлүшүнүн да кепилдиги болуп саналат.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети катары биз бай тарыхыбыздан алган шыктануу менен жаш муундарды илим билим менен камсыз кылуу менен бирге, улуттук жана руханий баалуулуктарына берилген, дүйнөлүк көз карашка ээ жарандар катары тарбиялоо милдетин чечкиндүүлүк менен улантып келебиз.

Ушул себептен улам, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын ачылышынын 106 жылдыгын жана 23-апрель Улуттук Эгемендүүлүк жана Балдар күнү менен чын дилден куттуктайм; башкысы Улуу Мустафа Кемал Ататүрк болуп, улуттук күрөшүбүздүн бардык баатырларын, азиз шейиттерибизди жана ардактуу ардагерлерибизди урмат жана терең ыраазычылык билдирүү менен эскерем.

Балдарыбыздын көздөрүндөгү үмүт нуру эч качан өчпөсүн деген тилек менен, 23-апрель Улуттук Эгемендүүлүк жана Балдар күнү кут болсун.

Проф. Др. Алпаслан Жейлан
КТМУнун ректору

Bu Haberi Paylaş: