+996 (312) 49 27 65 kid@manas.edu.kg
Yayın Tarihi
10 март 2026, шейшемби
КТМУда жазгы семестр академиялык кеңешинин жыйындары башталды

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде 2025–2026-окуу жылына карата жазгы семестр академиялык кеңешинин жыйындары факультеттерде КТМУнун ректору,  профессор Алпаслан Жейландын катышуусунда өткөрүлүүдө.

Факультет жетекчилиги жана окутуучулар катышкан жыйындарда окуу-окутуу иштери, илимий изилдөөлөр, академиялык публикациялардын көрсөткүчү, эл аралык кызматташуулар жана коомдук салымдар каралат. Ошондой эле факультеттердин академиялык өнүгүүсүнө багытталган максаттар жана кийинки семестрге пландар талкууланат.

Академиялык кеңештин жыйындары 2026-жылдын 9-мартында Инженерия факультетинде, 10-мартында болсо Коммуникация факультети жана Гуманитардык факультетте өткөрүлдү.

Жума бою ар башка факультеттерде улантылчу жыйындар университеттин академиялык өнүгүүсүнө маанилүү салым кошууга багытталат.

 

Bu Haberi Paylaş: